Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нунестин беттеши ушул жылдын 9-сентябрында Канадада өтөт. Бул тууралуу UFC уюмунун расмий сайтында кабарланды. Маалыматка караганда, таймаш UFC 215 мелдешинин алкагында болот. Шевченко жана Нунес жеңил салмакта (61,235 киллограмм) чемпиондук наам үчүн күч сынашат.
Эки спортчунун чемпиондук наам үчүн беттеши ушул жылдын 9-июлунда болмок. Бирок мелдеш болооруна саналуу сааттар калганда бразилиялык өзүн жаман сезип, ооруканага түшүп таймаш белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Эки спортчу буга чейин 2016-жылы март айында күч сынашып упайлардын эсеби менен Нунтес үч раундда жеңишке жеткен. Канадада боло турган таймаш 5 раундга созулат. (ECh)