Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Перс булуңундагы өлкөлөргө эки күнгө сапарга чыкты. Ал Катар маселеси боюнча тараптар менен жолугушат.
- Бул кризистин узарышынан эч кимге пайда жок. Мусулман дүйнөсү жаңы бөлүнүүлөргө эмес, тилектештикке жана кызматташтыкка муктаж - , деди Эрдоган жөнөр алдында Стамбулдагы жыйында. Ал “душмандар” аймактагы “бир туугандар ортосуна от жагууну” көздөп жатышат деди, бирок душмандын атын ачыктаган жок.
Эрдоган 23-июлда Сауд Арабиясына, анан Кувейтке, 24-июлда Катарга барары күтүлүүдө.
Июндун башында Сауд Арабиясы, Бахрейн, БАЭ, Египет жана башка чөлкөмдөгү өлкөлөр терроризмди каржылайт деп Катар менен дипломатиялык жана коммерциялык байланыштарын үзүшкөн.
Катар айыптоолорду четке кагып, мамилени кайра калыбына келтирүү үчүн коюлган талаптарды аткаруудан баш тарткан. Ошол эле учурда 21-июлда Катар эмири Тамим аль-Тани кризис башталгандан бери биринчи ирет үн катып, мамилени оңдоо үчүн сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.