Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Малчылардын жайлоодогу майрамы

Таластын Бакай-Ата жана Кара-Буура районунун малчылары 22-июль күнү жыл сайын жайлоодо өтүүчү кеңешмеге чогулуп, анын алкагында майрам уюштурулду.
Иш-чара быйыл Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы Чаткал жайлоосунда өттү. Ага 50дон ашык чабан, Бакай-Ата жана Кара-Буура районунун администрация башчылары жана тургундары катышты. Аталган эки райондун малчыларынын көбү жакын болгондуктан жыл сайын Чаткал жайлоосун жайлашат. Жайлоодогу кеңешмеде чабандар жыйында негизинен жайыттын баасы кымбат болуп жатканын козгошту. Өз кезегинде жайыт комитетинин өкүлдөрү маселени карап чыкмай болду.

Иш-чара малчыларга уюштурулган оюн-зоок менен коштолду. Салтанатта күрөш, көк бөрү сыяктуу улуттук оюндар ойнолуп, жеүүчүлөр ардак грамота, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Мындай майрамды Талас облусунун чабандары эстафета кылып жыл сайын ар башка райондо өткөрүп турат. Маселен, быйыл Бакай-Ата району куржунду Кара-Буурага өткөрүп берди.

16x9 Image

Альбина Сулайманова

"Азаттыктын" Талас облусундагы кабарчысы. Кыргыз-Орус (Славян) университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG