Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

БШК президенттикке талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодо


Боршайкомдун маалыматы боюнча, 22-июль күнү президенттикке ат салышууну көздөгөн Таалатбек Масадыковдун, Арсланбек Малиевдин, Азимбек Бекназаровдун жана Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.

Ал эми президент болуу дымагын билдирип, БШКга кайрылгандардын саны кыркка чукулдады. 22-июлда "Ата Журт" партиясынан Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана өзүн-өзү көрсөткөн укук коргоочу Токтоайым Үмөталева БШКга арыз тапшырган.

Талапкерликке арыз бергендердин 30у өзүн-өзү көрсөтсө, 7си саясий партиялардан сунушталган. Талапкерликке арыздар 1-августка чейин кабыл алынып, акыркы тизме 10-сентябрда жарыяланат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG