Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

БУУнун Коопсуздук кеңеши Иерусалимдеги кырдаалды жабык карайт


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

24-июлда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Египет, Франция жана Швециянын өтүнүчү менен шашылыш жыйын өткөрөт. Жыйын жабык болот.

Бир күн мурун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иерусалимдеги Храм тоосунун кире беришине коюлган темир буюмдарды аныктоочу детекторду албай турганын айткан. Ал жерге көзөмөлдөөчү камералар да орнотулууда.

Муну араб мамлекеттеринин лигасы Израил "от менен ойноп жатат" деп эскертти.

Храм тоосундагы жаңы коопсуздук чаралары 14-июлда эки израилдик полициячынын өлтүрүлүшүнө жооп катары кабылданып, кыйла нааразылыктарды жараткан.

21-июлда Иерусалимде болгон кагылышууда үч палестиналык набыт болду. Ошол эле күнү Иордандын батыш жээгинде палестиналык үч тургун өлтүрүлгөн.

Иерусалимдеги Храм тоосу мусулмандар үчүн да, иудейлер үчүн да ыйык жер болуп саналат.

XS
SM
MD
LG