Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Бишкекте ажырашкандар үчүн тренинг өтүүдө


"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борбору Бишкекте 22-июлдан тарта турмуштан ажырашып, жалгыз бой жүргөндөр үчүн тренинг өтө баштады. Сабак "Ажырашкандан кийин кантип жашоо керек?" деп аталат. Аталган борбордун маалыматы боюнча, анда жалгыздыктан коркууну жеңүү, өзүн өнүктүрүү жана ишенимди бекемдөө, мамиле түзүүдө кайталанган каталардын үстүнөн иштөө окутулат.

Дүйнөлүк статистика боюнча, ажырашкандардын көпчүлүгү беш жылдан кийин гана кайрадан турмуш курат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын статистикасына ылайык, 2016-жылы 48 миңден ашык түгөй нике күбөлүгүн алып, 900дөн ашык ажырашуу катталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG