Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 12:39

Трамптын күйөө баласы Сенатта суроолорго жооп берет


Трамптын күйө баласы жана улук кеңешчиси Жаред Кушнер.

АКШ президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана улук кеңешчиси Жаред Кушнер 24-июлда Сенаттын Чалгын кызматынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет. Бул жолугушуу 2016-жылдагы президенттик шайлоо маалында Трамптын штаб мүчөлөрүнүн Орусия менен ыктымал байланыштары боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн алкагында уюштурулат.

36 жаштагы Кушнерге анын Орусиянын Вашингтондогу элчиси, орусиялык ири банктын башчысы жана орусиялык юристтер менен болгон жолугушуусу тууралуу суроолор узатылат. Бул тууралуу сенатор, демократ Адам Шифф маалымдады.

- Ал жерде биз кызыккан нерселер көп. Биз албетте ыктымал бир нече жолугушуу жөнүндө билүүнү каалайбыз. Анын адвокаттары бизге болгону эки саат убакыт беришти. Ошол себептен бул жөн гана маектешүү болот деп күтүп жатабыз,- деди ал.

Ушу тапта АКШда Конгресс менен ФБР былтыркы президенттик шайлоого Москванын кийлигишүүсү болгонбу же жокпу деген маселени, Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен байланыштарын иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG