Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Кабулдагы жардыруу кеминде 24 кишинин өмүрүн алды


Кабулдагы жардырууда кеминде 24 киши набыт болуп, жарадарлардын саны 40 тан ашты.
Кабулдагы жардырууда кеминде 24 киши набыт болуп, жарадарлардын саны 40 тан ашты.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы жардырууда кеминде 24 киши набыт болуп, жарадарлардын саны 40тан ашты.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нажиб Даништин айтымында, жардыруу 24-июлда, эртең менен калаанын батыш тарабында болгон. Бомба Тоо-кен өндүрүш министрлигинин кызматкерлерин алып бараткан автобустун жанында жарылган.

Калаба үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы алды. Талиптер тараткан билдирүүдө жардыруу Улуттук коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери бараткан автобустун жанында болгону, мерт кеткендердин саны 37ге жеткени айтылат.

Туура бир жыл мурда, ушул күнү "Ислам мамлекети" террордук тобу уюштурган теракттан 80 киши курман болгон, алардын көбү исламдын шиит агымын карманган хазарлар эле.

Ал тапта 23-июлда талиптер Оонганстандын түндүк жана борбордук бөлүгүндөгү эки районду өз карамагына алышканы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG