Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Атамбаев: Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү да жооп беришет


Президент Алмазбек Атамбаев. Чолпон-Ата. 24.7.2017.
Президент Алмазбек Атамбаев. Чолпон-Ата. 24.7.2017.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдөгү курорт шаар Чолпон-Атадагы басма сөз жыйында мурдагы Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү абакта кармалган депутат Өмүрбек Текебаевге болушуу үчүн эмес, "мага каршы чабуул коюш үчүн биригип жатышат" деген оюн айтты. Алардын көбү "былык" иштерим ачыкка чыгып калбасын деп коркуп атышат" деп президент билдирди.

Атамбаев "Ата Мекен" партиясынын убактылуу абактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин сот жүрүмүндө айтылган маселелер тууралуу суроого жооп берген учурда 2010-жылдын 13-майын эстей албай турганын, бирок 12-майдагы окуялар так эсинде экендигин белгиледи.

Президент ал күнү бийликти басып алуу аракети болгонун, өзү "Форум", "Кыргызавтомаш", "Дастан" заводунун кызматкерлерин, башка шаардыктарды баштап, өкмөт үйүнүн алдына келгенин, ал кезде Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү качып кеткенин айтты. Эгерде 12-майда "биздин тарапкерлер болбосо, анда бийликти колдон чыгармакпыз" деп ал кошумчалады.

Текебаевдин иши боюнча сотко басым болуп жатат деп айтылгандарды президент А.Атамбаев четке какты:

- Алардын 13-майда эмне кылганын билбейм. Бирок 12-майда эч ким жок болчу, баары жашынып алышкан. Эгерде КСДП, заводдордун жумушчулары жана шаардыктар болбосо, 12-майда бийлик алмашмак. Анткени элдер такыр башка иштер менен алек эле. Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет. Мен Бекназаров менен Отунбаева даярдаган улутташтыруу жөнүндөгү декретте 51 пайызды улутташтыруу боюнча маселе эмнеге кирбей калганын эң сонун билем. Ал эми өзүм жасаган иштерге ар дайым жооп берем.


Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда Түркиядан келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Алексей Модин аркылуу орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айтып убада кылган" деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында анын партиялашы, саясатчы Дүйшөнкул Чотонов да кармалган.

Депутат Текебаев, саясатчы Д.Чотонов жана алардын жактоочулары муну "атайын саясий буюртма боюнча уюштурулган сот иши" катары сыпаттап, өздөрүнүн актыгын айтып келишет. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG