Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:59

Тбилисиде улутчулдар менен батышчылдар ортосунда кагылышуу болду


Батышчыл партия жекшембиде шаар көчөлөрүндө "Орус фашизмине жок!" деген аталыштагы жүрүш өткөргөн.

Тбилисинин борборунда жекшембинин кечинде батышчыл партия өкүлдөрү менен улутчул активисттер ортосунда кагылышуулар болду. Батышчыл партиянын өкүлдөрү жекшембиде шаар көчөлөрүндө "Орус фашизмине жок!" деген аталыштагы жүрүш өткөргөн.

Демонстранттардын пикиринде Грузиядагы улутчул партияларды Кремл каржылайт.

Акция өтүп жаткан жерге улутчул активисттер келип батышчыл партиялардын өкүлдөрүнө бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Он күн мурда улутчулдар жүрүшкө чыгышып, өкмөттөн миграция саясатын катаалдатууну жана өлкөдөн мыйзамсыз мигранттарды чыгарууну талап кылышкан. Грузиядагы улутчулдар алардын ишмердүүлүгүнө Кремлдин катышы бар деген сөздөрдү четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG