Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Польша президенти сот реформасы боюнча мыйзамга вето коет


Польшадагы нааразылык акцияларынын уланганына сегиз күн болду.
Польшадагы нааразылык акцияларынын уланганына сегиз күн болду.

Польшанын президенти Анджей Дуда сот реформасы боюнча талаштуу мыйзамга вето коёрун билдирди. Бул тууралуу ал 24-июлда айтты.

- Мен мыйзамды Сеймге (парламенттин төмөнкү палатасына) кайтарууну чечтим. Бул деген мен мыйзам долбооруна вето коерумду билдирет, - деди Дуда.

Буга чейин Польшада сегиз күн катары менен сот реформасы боюнча мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциялары өткөн. 23-июлда демонстранттар президенттин сарайынын алдына чыгып "Биз ветону талап кылабыз!", "Эркин Польша!", "Эркиндик!" деп кыйкырып турушту.

Нааразылыкка чыккандар парламент кабыл алган мыйзам долбоору бийликтеги "Адилет жана укук" партиясына өлкөнүн сот системасын көзөмөлдөөгө көбүрөөк укук берерине каршылык билдиришти.

Евробиримдиктин лидерлери бул мыйзам долбоорун сынга алышып, сот системасынын төбөлсүздүгүнө каршы жасалган кадам катары баалашкан. Наарызылык акциялары бир эле баш калаа Варшавада эмес, Краков, Врацлов жана башка шаарларда өткөн.

XS
SM
MD
LG