Өзбекстанда 24 сааттык маалыматтык телеканал обого чыкты. Бул кадамды өзбек аткаминерлери өлкөнүн изоляциядан чыгышы катары баалашты.
24-июлда обого чыккан "Өзбекстан-24" телеканалынын алып баруучулары көрөрмандар менен саламдашуусунда "Өзбекстанга ойгонууга мезгил келди" деп айтышты.
Алар ошондой эле бул каналды ачуу демилгесин Өзбекстандын президенти май айында көтөргөнүн өзбек, англис жана орус тилдеринде билдиришти.
Өзбекстандын Улуттук телерадиокоманиясынын төрага орун басары Борбору Алихановдун айтымында, канал бейтарап маалыматтарды таркатат, ошону менен бирге эле "Өзбекстандын позициясын" колдойт.
Жаңы канал жакынкы келечекте кыргыз, казак, каракалпак жана тажик тилдериндеги баяндарды да көрсөтүүнү боолголоодо.