Орусиядагы нааразылык акциясы маалында полиция кызматкерлерине кол көтөрдү деген айып боюнча камалган активист Сергей Мохнаткин ачкачылык кармаганын жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочу Елена Эфрос "Эхо Москвы" радиосуна 24-июлда курган маегинде айтты. Ал билдиргендей, Мохнаткин абактагы адам чыдагыс шарттарга жана ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразылык билдирүүдө.
Активист Архангелск облусундагы Котлас шаарындагы №4 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
63 жаштагы Мохнаткин 2014-жылдын декабрь айында Москвадагы Триумфальный аянтында полиция кызматкерине кол көтөрдү деген айып менен төрт жарым жылга кесилген. 2016-жылы ал башка абакка которулуудан баш тартканы үчүн түрмө кызматкерлери тарабынан ур-токмокко кабылганы айтылган. Тергөөнүн версиясына караганда, Мохнаткин анда да түрмө кызматкерин чаап жиберген. Буга байланыштуу 2017-жылдын март айында Мохнаткиндин жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулган.