Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Рейтерс: Германия орусиялык жарандарга жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды


Siemens компаниясынын газ турбиналары.
Siemens компаниясынын газ турбиналары.

Германия Москва аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралына Siemens компаниясынын газ турбиналары жеткирилгени үчүн Орусиянын бир катар жарандарына жана компанияларына санкция киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги Брюсселдеги өз булактарына таянып жазды.

24-июлда Орусиянын энергетика министринин орун басары Вячеслав Кравченко Москва Крымда электрстанция куруу үчүн жаңы тендер жарыяланарын билдирди.

21-июлда Siemens компаниясы мамлекетке тиешелүү орус команияларына газ турбиналарын жеткирүүнү токтоторун билдирген. Немис концерни төрт газ турбинасын 2016-жылдын жайында Краснодар аймагына жеткиргенин, кийин алар мыйзамсыз жол менен аннексияланган Крымга жөнөтүлгөнүн ырастаган.

11-июлда Siemens орусиялык өнөктөш компанияларына каршы доо арыз менен Москванын Арбитраждык сотуна кайрылган. Концерн Крымдагы турбиналарды артка кайтарууну талап кылууда. Ал эми Кремль болсо Крым жарым аралында орусияда чыгарылган тетиктерден куралган орусиялык турбиналарды орнотуп жатышканын маалымдашты.

XS
SM
MD
LG