Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Орусиялык спортчулар Лондондо нейтралдуу желектин алдында таймашат


Эл аралык Жеңил атлетчилер федерациясы (IAAF) Орусиянын командасынын Лондондо өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышуу шартын бекитти. Орусиялык спортчулар стадионго өздөрүнүн мамлекеттик желегин алып чыкпастан, нейтралдуу желектин алдында таймашат.

Дүйнөлүк чемпионат 5-августтан 13үнө чейин болот. Ага катышууну каалаган 100дөн ашуун командалардын арыздары артка кайтарылган, деп маалымдайт Associated Press агенттиги.

Өткөн жылы июлда орусиялык жеңил атлетчилер эл аралык мелдештерге катышуудан четтетилген. Буга эл аралык агенттиктин кызытмага каршы көз карандысыз комиссиясынын орус спортундагы антидопинг регламентинде ири мыйзам бузуулар тууралуу баяндамасы негиз берген.

Орусиянын президенти Владимир Путин март айында 2019-жылы өтүүчү Универсиадага даярдык тууралуу жыйында сүйлөп жатып, орусиялык антидопинг системасынын кемчилигин моюнуна алган. Ал эми июлда орус спортунда кызытма колдонууга каршы чараларды көрүүнү бекиткен жардыкка өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койгон.

XS
SM
MD
LG