Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Текебаев менен Чотоновдун соту жылдырылышы ыктымал


Бул айыпталуучу Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын бири Чынара Жакупбекова ооруканага жатып калганына байланыштуу болушу мүмкүн.

Бул тууралуу "Азаттыкка" маалымдаган дагы бир адвокат Искен Афиджанов өзү да ден соолугуна байланыштуу 25-июлдагы сот процессине катыша албасын билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин дагы бир адвокаты Канат Хасанов бар.

Биринчи Май райондук сотунда каралып жаткан акыркы соттук териштирүүдө күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү аяктаган. Андай чечимди судья Айбек Эрнис уулу прокурорлордун өтүнүчү менен чыгарган. Буга айыпталуучу тараптын адвокаттары нааразылык билдирген эле.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Алар 2010-жылы Убактылуу өкмөттө мүчө болуп турганда орусиялык ишкерлерден “Мегакомду” алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп шектелип жатат. Саясатчылар кылмыш ишин саясий куугунтук деп атап, өздөрүнүн ак экенин айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG