Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Аялын өлтүргөн адам 20 жылга абакка кесилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Баткен облустук соту 34 жаштагы жаранды адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты. Муну менен бул кылмыш иши боюнча Баткен райондук сотунун өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, соттолгон адам быйыл 14-январда 28 жаштагы аялды алгач уруп, андан кийин таш менен башка койгулап, мыкаачылык менен өлтүргөн. Соттук териштирүү учурунда түгөйлөр 2011-жылы турмуш куруп, бирок пикирлери келише албай 2015-жылы ажырашып кеткени, бул аралыкта үч балалуу болгону аныкталган. Соттолгон адам быйыл 14-январда маркумга телефон чалып, Баткен шаарында жолугушкан. Автоунаасы менен Бужум айылынын Чет-Булак участкасындагы ээн талаага барышып, сүйлөшүп отуруп, бирок жаңжалдаша кетип аялды алгач сабап, ачуу сөздөр айтылганда таш менен уруп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Ишти алгач Баткен райондук соту карап, 2-июнда аны 20 жылга эркинен ажыраткан. Соттолуучу облустук сотко апелляциялык арыз жолдогон. 18-июлда облустук сот айыпталуучудан маркумдун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына материалдык зыян катары 135 835 сом, моралдык зыян иретинде 100 000 сом өндүрүү тууралуу райондук соттун чечимин жокко чыгарып, өкүмдүн калган бөлүгүн күчүндө калтырды, апелляциялык арызды канааттандырган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку Сотко көзөмөл иретинде даттанууга укуктуу экени айтылды.

XS
SM
MD
LG