Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

Трамп: Сирияда козголоңчуларды колдогон программа "коркунучтуу"


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы көтөрүлүшчүлөргө колдоо көрсөткөн жашыруун программаны "коркунучтуу жана чыгымы көп" болгондуктан токтотконун билдирди. Президентке чейин АКШнын атайын операцияларын жетектеген генерал Тони Томас да төрт жылга созулган операция аяктаганын ырастап, бул чечим президент Башар Асадды колдогон Орусияга жагынуу үчүн кабыл алынды деген маалыматтарды четке каккан.

Дональд Трамп 24-июлда Твиттердеги барагына: "Вашингтон пост" Асадга каршы күрөшкөн сириялык көтөрүлүшчүлөргө төлөнгөн ири, коркунучтуу жана чыгымы көп төлөмдөрдү токтотконум тууралуу фактыларды бурмалады", - деп жазды. Басылманын макаласында Трамптын Сирия боюнча стратегиясында Москва менен кызматташтык маанилүү экенин белгилеген.

Бул айда АКШ менен Орусия Сириянын түштүгүндө деэскалация аймактарын түзүүнү макулдашты.

Мурдагы президент Барак Обама жактырган бул жашыруун программа 2013-жылы башталып, Сирия президенти Башар Асадга каршы күрөшкөн көтөрүлүшчүл топторду колдоону максат кылган.

XS
SM
MD
LG