Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:17

Израил Иерусалимдеги талаштуу текшерүү ыкмасын токтотот


Иерусалимдин Эски шаарындагы кагылышуу, 21-июль 2017-жыл.

Израил бийлиги Иерусалимдеги Ал-Акса мечитине орнотулган металл аныктоочу жабдыктарды алып саларын билдирди. 21-июлда киргизилген мындай текшерүү ыкмасы жергиликтүү мусулмандардын нааразылыгын жаратып, ортодогу кагылышуулардан баш-аягы сегиз киши мерт болду.

Премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтү металл аныктагычтардын ордун башка текшерүү ыкмалары басарын кабарлап, ал кандай ыкма экенин так белгилеген жок.

14-июлда Иерусалимдеги бул ыйык жайда куралчан адамдар эки полиция кызматкерин атып өлтүргөндөн кийин Израил аймактагы коопсуздук чараларын күчөткөн.

Көпчүлүк палестиналыктар металл аныктагыч жабдыктан өтүүдөн баш тартып, ыйык жайдын дарбазасынын алдында намаз окушкан. Соңку күндөрү Израилдин коопсуздук күчтөрү менен палестиналыктардын ортосунда чыккан кагылышуулардан кеминде беш палестин жараны, үч израилдик мерт болду.

XS
SM
MD
LG