Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Ооганстан: талиптер үч күндө үчүнчү районду ээлешти


Ооган коопсуздук күчтөрү
Ооган коопсуздук күчтөрү

Ооганстандын түштүк чыгышында талиптер соңку үч күндө үчүнчү районго көзөмөлүн орнотушту. Пакистан менен чек арага жакын жайгашкан Пактиа провинциясындагы катуу кармаштан кийин Жани Хел району талиптердин колуна өткөнүн жергиликтүү кеңештин башчысы 25-июлда кабарлады. Бул маалыматты талиптер да өз билдирүүсүндө ырасташты.

Бирок жергиликтүү полициянын өкүлдөрү аталган районду коопсуздук күчтөрү дале көзөмөлдөп турганын, бирок алар тынымсыз чабуулга кабылып жатканын айтышты.

Соңку кагылышуулардан улам эки тарапта тең чоң жоготуулар болгону кабарланды.

23-июлда талиптер өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Тайвара районун, түндүктөгү Кохистан аймагын ээлеп алышкан.

XS
SM
MD
LG