Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Кыйноо боюнча убактылуу кармоочу жайдын мурдагы жетекчисине сот өкүмү чыкты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жалал-Абад облустук соту шаардагы убактылуу кармоочу жайдын мурдагы жетекчиси Ислам Шералиевди 300 миң сом айыпка жыкты. Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Шералиевге карата прокуратура Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 2016-жылы кылмыш ишин козгогон. Былтыр чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген шек менен кармалган Өзбекстандын жараны Надырбек Абдурахимов Жалал-Абад шаарынын убактылуу кармоочу жайында форма жана жарандык кийимчен орган кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын, аларга убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси шарт түзүп бергенин айтып арыз жазган.

Жалал-Абаддагы “Адилеттик” укук коргоо уюму Абдурахимовдун ишин көзөмөлгө алган. Укук коргоочулар кыйноого жол берген жетекчи азыр да шаардык ички иштер иштеп жатканына нааразылык билдирип жатышат. Өзбекстандын жараны Надырбек Абдурахимов былтыр Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага телефондорду уурдоо фактысы менен дагы кылмыш иши ачылып, ал Ала-Бука райондук сотуна өткөрүлгөн.

Абдурахимов азыр Ала-Бука райондук милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отурат. (RsK)

XS
SM
MD
LG