Кыргызстанда 26-июлда түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;
Суусамыр түнкүсүн 0…5, күндүз 24…29;
Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 32...37;
Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 28…33;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 26-июлда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 21…23, күндүз 36…38 градуска чейин ысыйт.