Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:39

"Норманд төрттүгү" Украина боюнча жаңы чараларды макулдашты


Донецктеги өткөрмө бекет

Франция, Германия, Украина жана Орусия украин чыгышындагы кармашты токтотууну көздөгөн тынчтык келишимин ишке ашыруу үчүн бир канча "чукул чараларды" макулдашты. "Норманд төрттүгү" атка конгон төрт өлкөнүн лидерлеринин эки сааттык телефондук сүйлөшүүсүнөн кийинки бул чечимди немис өкмөтү дүйшөмбүдө жарыялады. Бирок кандай чара көрүлөрү так айтылган жок.

Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы ок атышууну токтотууну максат кылган Минск келишими 2015-жылы кабыл алынган. Бирок бул келишим толук ишке ашпай келет.

Жакында өздөрүн "Донецк элдик республикасы" (ДНР) деп атаган жикчил топ Украинанын аймагында "Малороссия" аттуу жаңы мамлекет түзгөнүн жарыялаган. Бул билдирүү украин лидерлеринин жана Евробиримдиктин кескин сынына кабылган.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айында тутанган жаңжал баш-аягы 10 миңдей адамдын өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG