АКШда Республикачылар партиясынын алдыңкы сенатору Орусияга каршы санкцияны күчөтө турган мыйзам долбоору эки партиянын макулдашуусуна карабастан толук иштелип чыга электигин билдирди.
Сенаттын Тышкы мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Боб Коркер "жасала турган дагы бир аз иш" бар экенин, айрым келишпестиктер тез арада чечилет деп үмүттөнөрүн 24-июлда журналисттерге айтты.
Сенатордун бул билдирүүсүнө чейин Ак үй президент Дональд Трамп АКШ эли үчүн "мыкты келишим" экенин аныктоо үчүн бул мыйзам долбоорунун акыркы вариантын карап чыгарын билдирген.
АКШ Конгрессиндеги демократ жана республикачыл саясатчылардын колдоосуна ээ болгон бул мыйзам долбооруна ылайык, Орусиядан тышкары Иран менен Түндүк Кореяга да жаңы санкциялар киргизилет.