Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:30

Орусиянын түштүгүндөгү Кемерово шаарында полиция оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоп жүрүшкө чыккан активисттерди таратты. 25-июлдагы акция маалында бир канча активист кармалып, алардын атайын даярдалган стенддери бузулду.

Акциянын уюштуруучулары жергиликтүү бийликтен уруксат сурашканын, бирок жооп болбогондуктан жүрүшкө чыга берүүнү чечишкенин билдиришти.

12-июлда Красноярск шаарындагы Навальныйдын шайлоо штабынын компьютерлери конфискацияланган. Штабдын башчысы Леонид Волков кабарлагандай, аларга автордук укукту бузду жана компьютердик вирустарды түздү деген айыптар коюлган.

Соңку жумаларда Навальныйдын Москва баштаган шаарлардагы ондогон тарапкерлери кармалды. Аткаминерлердин коррупциялык аракеттерин ашкерелеген активист 2018-жылы мартта өтө турган президенттик шайлоого катышаарын жарыялап, өнөктүк жүргүзүүгө киришкен.

XS
SM
MD
LG