Польшанын президенти Анджей Дуда ири демонстрацияларга жана Евробиримдиктин эскертүүсүнө себеп болгон сот реформасы боюнча талаштуу мыйзамдардын бирине кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы 25-июлда кабарлады.
Дуда бир күн мурда талаштуу үч мыйзам долбоорунун экөөнө вето коёрун айткан. Оппозиция бул өзгөрүүлөр бийлик бутактарындагы ажырымга жол ачаарын, өлкө башындагы "Мыйзам жана адилеттик партиясына" сотторду көзөмөлдөө укугун берип коёрун билдиришкен.
Кол коюлган мыйзам долбооруна ылайык, башкы прокурордун ыйгарым укуктарын алып жүргөн юстиция министри төмөнкү баскычтагы судьяларды дайындай алат. Оппозиция президенттин эки мыйзамга вето коюу чечимин кубаттап, үчүнчү мыйзамды да Конституцияга каршы келет деп четке кагууга чакырышкан.
Эки мыйзам долбооруна вето коюлбаса, юстиция министри Жогорку Соттун бардык судьяларын дайындап калмак.
Польшанын премьер-министри болсо президент Дуданын мыйзамга вето койгонун сындап, талаштуу реформаны алдыга сүрөй берерин айтты.