Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:45

Поляк кыз аны кыргыз жигиттери уурдоого аракет кылганын айтып милицияга арыз жазды


Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында иштеп жаткан Польша жараны, 24 жаштагы Агнешка Квецен (Agnieszka Kwiecień) айымды жергиликтүүлөр сексуалдык мүнөздө уурдаганга аракет кылган деген маалымат териштирилип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Польша жаранынан арыз түшкөн. 24 жаштагы кыз автоунаачан жергиликтүүлөр сексуалдык мүнөздө уурдаганга аракет кылган деген түшүндүрмө берген.

Бирок милиция Польша жараны Ысык-Көл районундагы "Кайнар" пансионатынан чыгып, "Карвен" эс алуу жайына баруу үчүн такси айдоочуларга кайрылганын, тил билбегендиктен ортодо түшүнбөстүк чыкканын, аны уурдоо аракети болгон эмес деген божомол бар экенин айтууда.

Азыр такси айдоочулар жана поляк жараны көрсөтмө берип жатат. Поляк айым Чолпон-Атада англис тилинен сабак берип, ыктыярчы (волонтёр) болуп иштейт. Ал Кыргызстандын ажайып табийгаты тууралуу бир катар кызыктуу фото сүрөттөрдү өзүнүн интернет барактарында жарыялаган.

Кыргызстандыктар бул окуядан улам интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жалпы эле кыргыз коомундагы аялзатына карата терс мамилелерди кескин айыпташууда. Бул өлкөдө дагы эле кыз ала качуу сыяктуу жосунсуз жоруктар орун алып келет. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG