Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Сууга чөгүп каза болгондордун саны жүзгө жетти


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Авазбек Айтиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 2017-жылдын башынан бери 100 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 59у эркек киши, 10у аял, 31и жаш балдар.

- Эгер сезонго бөлүп карай турган болсок булардын 67си июнь айынан бери мерт болгондор. Мунун баары эле чөмүлүүдөн улам кырсыктаган эмес, арасында автоунаасы сайга кулап кетип, чыга албай калгандары да бар.

Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл бурууга элди чакырууда.

Расмий маалымат боюнча, былтыр өлкө аймагында сууга чөгүүдөн 105 адам каза тапкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG