Каирде изделип жаткан алты казак студентин Египеттин тартип коргоо органдары кармаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков журналисттерге билдирип, студенттердин өмүрүнө коркунуч келбегенин айтты.
Маалыматка ылайык, Египеттеги казак элчилиги студенттер эмне үчүн кармалганын тактап жатат. Андан мурдараак казак тарап студенттер экстремисттик идеологияларга азгырылбаганын белгилеген.
Каирде бир батирде жашаган студенттер 20-июлдан бери туугандарына байланышка чыкпагандыктан Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Египетке жардам сурап кайрылган.
Бул маселе боюнча казак элчиси менен Египеттин ички иштер министринин орун басары жолуга турган болду.