Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Жайылда атышуудан бир нече киши жаракат алды


Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Степное айылында жаштар чырлашып, ок атылганы боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат. Чүй облустук ИИБнын басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, чатакка катышкан жаштар кармалып, ок чыгарууга шектелген эки киши убактылуу камоочу жайга киргизилген:

- 24-июлдун түн ичинде Жайыл райондук милициясына Степное айылында ок атылып жатат деген маалымат келип түшкөн. Биздин оперативдүү топ Степное айылына бара жатып, окуя болгон жерден жылып бара жаткан үч унааны көрүп, токтоткон. Үч машинада 28 адам болгон. Алардын баары кармалып, бөлүмгө алынып келинген. Унааны тинткенде аңчылык мылтык табылган. Бул окуя боюнча "ээнбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңжалда беш адам жеңил жаракат алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйгө чыгарылган.

Жаштардын ортосундагы жаңжал 22-июлда башталган. Ал күнү Степное айылында кыз узатуу болуп, жергиликтүү жаштар күйөө баланын досторун "арак куйгула" деп мажбурлашкан. Алар каршы болушуп, эртеси тараптар териштирүүгө чогулушкан жерде ок чыккан. (SE\ZKo)

Чүй облустук ИИБнын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттык"радиосуна берген маалыматы:

Жайылдагы атышуунун чоо-жайы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG