Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

АКШ президенти баш прокурорду сындады


Жефф Сешнс
Жефф Сешнс

АКШ президенти Дональд Трамп баш прокурор Жефф Сешнсты атайын кызматтар ачыкка чыгарган маалыматтарды териштирүүдө "өтө алсыз" болду деп сындады. Ал 25-июлда Твиттерде жазган билдирүүсүндө баш прокурор демократтардын мурдагы президенттикке талапкери Хиллари Клинтонду да иликтей албаганын белгиледи.

Буга чейин Трамп Сешнстын АКШ шайлоосундагы Орусиянын ролу боюнча иликтөөлөргө катышпоо чечимин айыптаган. Ал эгер Сешнс өзүн иликтөөдөн оолак кармарын алдын ала билгенде аны баш прокурор кылып дайындамак эместигин айткан.

Президенттин соңку билдирүүсүнүн алдында "Вашингтон пост" басылмасы Трамп жана анын кеңешчилери баш прокурорду алмаштырууну караштырып жатканын өз булактарына таянып жазып чыккан. Сешнс өткөн аптада өз жумушун жакшы көрөөрүн, кызматын уланта берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG