Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:52

Super.kg порталынын кабарчысы Автандил Добулбеков 24-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз жыйынынан кийин иштен кеткенин бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Кечээги президенттин маалымат жыйынынан кийин белгисиз мөөнөткө “сүргүнгө” кетип жатам. Чолпон-Атадан кайтып келсем, редакция мага сюрприз даярдап коюптур. Кудай буюрган күнү жүз көрүшөбүз!" дейт кабарчы. Портал жетекчилиги журналисттин айткандары боюнча эч кандай комментарий берилбестигин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Автандил Добулбеков маалымат жыйын учурунда президентке "Эмне үчүн кыргыз элинин дарегине көп нааразылык айтасыз?" деген өңүттө суроо узаткан. Мамлекет башчы анын суроосу такталбаган кеп-сөздүн негизинде экенин айтып, кесипкөй болууга чакырган.

Super.kg порталы жана "Супер инфо" гезитинин ээси - Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов. (ZKo)

Жогорудагы жагдайга байланыштуу "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев "Азаттык" радиосуна ой бөлүштү. Аны төмөнкү аудиожазуудан уксаңыз болот:

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG