Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:58

Кыргызстандык эки жаш режиссердун тасмалары Түштүк Кореяда өтүүчү эл аралык «BIKY» кинофестивалына чакырылды. Жаш кинорежиссер Мээрим Догдурбекованын "Бакыт" тасмасы жана Айжамал Болотованын "Айлуу соната" аталыштагы фильми "Айтыш фильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган. "Бакыт" тасмасы Түштүк Кореянын Пусан шаарында 12-18-июль күндөрү боло турган балдардын жана өспүрүмдөрдүн «BIKY» кинофестивалына катышат.

Ал эми "Айлуу соната" тасмасы ошол эле өлкөнүн Чечхон шаарында өтө турган Jecheon International Music & Film Festival катышат.

Бул кыскаметраждуу дебют тасмалардын авторлору экөө тең "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрү. Тасмалар алардын дипломдук иши.

«Айтыш Фильм» киностудиясынын каржылоосу менен өткөн жылы кыска метраждуу беш фильм тартылган. Учурда дагы төрт дебюттук тасма тартылып жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG