Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Сенат Obamacare реформасын артка кайтаруу боюнча дебаттарды баштады


Республикачыл сенатор Жон Маккейн.
Республикачыл сенатор Жон Маккейн.

АКШ Конгрессинин жогорку палатасы Obamacare деген аталыш менен белгилүү болгон жеткиликтүү медицина мыйзамы боюнча талкууларды баштоого добуш беришти. Бул процесттин жыйынтыгында президент Барак Обаманын тушунда киргизилген медициналык камсыздоо системасын реформалоо жокко чыгышы ыктымал.

Бул чечим бир нече аптага созулган талкуудан кийин кабыл алынды.

Демократ-сенаторлор баары "Обама мыйзамын" артка кайтаруу чечимине каршы чыгышты. Ал эми республикачылар бир пикирге келише элек. АКШ президенти Дональд Трамп "Америка "Обама мыйзамынан" арылууга дагы бир кадам жакындады" деп билдирди.

Барак Обама тарабынан 2010-жылы кабыл алынган реформада жакыр жашагандар үчүн медициналык камсыздандыруу мамлекет тарабынан субсидияланчу. Ал эми реформанын каршылаштары бул үчүн салыктар көтөрүлгөнүн айтып келишкен.

Obamacare реформасын Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда эле алып саларын белгилеген.

XS
SM
MD
LG