Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Нышанов мамлекеттик тил боюнча сынактан өттү


Кыргызстандагы президенттик кызматка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө эң биринчи болуп катышкан Назарбек Нышанов сынак тапшырып бүттү.

Мамлекеттик тил комиссиясынан билдиришкендей, Н.Нышанов мырза сынактан 74,15 балл алып, ийгиликтүү өттү деп табылды.

Бекитилген жадыбалга ылайык, талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу бүгүн башталды. Бир күндө төрт талапкер тестирлөөдөн өтүп турат.

Азыр "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев тест тапшырууда.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандагы президенттикке талапкер мамлекеттик тилди (кыргыз тилин) жетиштүү билгени аныкталган шартта гана шайлоо өнөктүгүнө талапкер катары катыша алат.

1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык, кыргыз тили жалгыз мамлекеттик тил болуп саналат. Орус тили расмий тил макамына ээ болгон, бирок өлкөдөнүн баш мыйзамына ылайык, президент болуу үчүн мамлекеттик тилди билүү талап кылынат. (NT)

XS
SM
MD
LG