Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Таластагы борбордук парк боюнча кылмыш иши козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Реконструкциясы 2014-жылы башталып азыркыга чейин бүтпөй турган Талас шаарындагы борбордук парк боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Талас облусундагы өкүлгү Максат Дүйшөмбиев билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыш "Энерго курулуш" жабык акционердик коомуна 166-берене (алдамчылык) менен козголду.

Текшерүүдө аталган компания курулуш иштерине 589 миң сомдон ашык каражатты ашыкча чыгымдаганы аныкталган. Ал эми мэрия оңдоп-түзөө иштерине жети миллион сомдой каражат бөлгөн. Учурда тергөө уланууда. Борбордук парктын ортосуна салынган даараткананын курулган жери да жергиликтүү активисттердин нааразылыгын жаратып келет. ​(AlS)

XS
SM
MD
LG