Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Орусия АКШнын санкциялар тууралуу жаңы мыйзамын сынга алды


Стени Хоер, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.
Стени Хоер, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.

Орусиялык аткаминерлер жана депутаттар Москвага каршы жаңы санкцияларды караган, ошону менен бирге президент Трампка аны жокко чыгарууга же жумшартууга жол бербеген мыйзамды сынга алышты.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 26-июлда жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасы бир күн мурда кабыл алган мыйзамды Вашингтон менен Москва ортосундагы "алакалардын турукташуусун бузууга багытталган кадам" катары баалады.

Москва менен кошо Тегеранга жана Пхеньянга каршы санкцияларды киргизүүнү караган мыйзам долбоору 419 добуш менен 25-июлда кабыл алынды. Каршы болгону үч гана адам добуш беришти.

Сенат качан карары белгисиз.

Мыйзамдын акыркы долбоору президент Трамптын колуна август айынын экинчи жарымында тиери күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG