"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары анын мамлекеттик тил боюнча сынакты тапшыруусун камсыздоо өтүнүчү менен сотко кайрылышат. Бул тууралуу аталган партиянын юристи Канатбек Азиз "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 27-июлга белгиленген жараянда адвокаттар дарылануудан чыгышса жогоркудай өтүнүчтү келтиришет. Партия БШКнын бүгүнкү жарыясын жоопкерчиликтен качуу аракети жана бийликтен келген буйрукту аткаруу аракети катары баалап жатат:
- БШК жоопкерчиликтен качты. Мында Текебаевди талапкер катары каттоодон баш тартуу деген сөз болду. БШК эч кандай чечим кабыл албады, биздин билдирүүбүзгө жооп кат деп эле берип коюшту. Маселени добушка койгон жок. Негизи Боршайком өзү биринчи айтып чыгыш керек эле. "Сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгүн бергиле, шайлоо укуктары тебеленип жатат" деп айтышы керек болчу.
26-июлда Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти териштирип жаткан Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутаттын президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн мамлекеттик тил сынагын тапшыруу өтүнүчүн четке каккан. Буга байланыштуу "Ата Мекен" партиясынын юристтери анын сынак тапшыруусун камсыздоо талабы менен БШКга кайрылышкан. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынакка катышуу үчүн сотко кайрылууну сунуштап, маселеге сот чекит коерун жарыялады.
Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил сынагын бүгүндөн тарта тапшыра башташты. Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик жарышка катышуу тууралуу экинчи болуп арыз берген Текебаев жадыбал боюнча бүгүн тест тапшыруусу керек эле. Мамлекеттик тилди билгенин аныктаган сынактан өтүү президенттик кызматка талапкерлерге коюлган башкы талаптардын бири. (NT)