Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:57

Liglass Trading CZ компаниясынын маалымат жыйыны болгон жок


Михаэл Смеликтин Элнура Алкановага жазган каты
Михаэл Смеликтин Элнура Алкановага жазган каты

Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди курмай болгон Liglass Trading CZ ишканасынын жетекчилери 26-июлда Бишкекте маалымат жыйынын курат деген кабар мындан бир нече күн мурун таркаган. Компания өзү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөрүн буга чейин журналисттерге да билдирген.

Liglass Trading CZ тууралуу Чехиянын жана Евробиримдиктин мамлекеттик органдарынын сайттарынан маалымат издеген, журналист Элнура Алканова ишкананын жетекчиси Михаэл Смелик менен кат аркылуу байланышканын, ал 26-июлда Бишкекте маалымат жыйынын өткөрөрүн маалымдаганын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Мен бул компания тууралуу иликтөө жүргүзүп жаткам. Бир жума мурда компаниянын директоруна электрондук почта аркылуу байланышып, ГЭС курууга байланыштуу суроолорумду жибергем. Ал суроолорго жооп бербей, мага 26-июлда Бишкекте маалымат жыйыны болорун, ошол жерде бардык суроолорго жооп берерин жазып жибериптир. Бүгүн күттүк, бирок жыйын болгон жок. Смелик каттарыма жооп бербей жатат. Компаниянын Прагадагы кеңсеси да телефонду албай жатат.

Liglass Trading CZ компаниясынын маалымат жыйынын өткөрөрү тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин, өкмөттүн басма сөз кызматтары кабарсыз экенин билдиришүүдө.

Liglass Trading CZ компаниясы Жогорку Нарын каскадын жана андан башка он чакан ГЭСти куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен 10-июлда инвестициялык макулдашууга кол койгон. Жогорку Нарын каскадын куруу укугун бул чех компаниясына берүү түз инвестициялык келишимдин негизинде жүргөн. Ал эми аталган он чакан ГЭСти куруу жана иштетүү укугун берүү боюнча тендер быйыл 30-июнда болуп өткөн.

Келишимге кол коюлары менен чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компаниянын ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Азаттык" обого алып чыккан бул маектин мазмунуна канааттанганын 24-июлда билдирип, бул компания үзүрдүү иштеп кетиши ыктымалдыгын, эгерде ал өзүнө коюлган шартты аткарбаса, анда келишимди токтотууга жана жаңы инвесторду издөөгө мүмкүндүк бар экендигин белгилеген. ​(ZKo)

XS
SM
MD
LG