Болотный аянтындагы нааразылык акциясы боюнча ишти тергеген топтун мүчөсү, орусиялык тергөө комитетинин Москва шаардык башкармалыгынын кызматкери Алексей Островидов өзүнүн кетүүсүнө башкармалыктын жетекчилигин айыптады.
РБК агенттигинин маалыматы боюнча, Островидов кызматтан кетүү арызында башкармалыктын башчылары бандиттик менен киши өлтүрүү боюнча иштерди иликтөөгө "бут тосуп" жатканын маалымдап, буга байланыштуу тергөө комитетинде мындан ары иштей албасын жазган.
Юстициянын полковниги Алексей Островидов 2012-жылы 6-майда Москванын Болотный аянтында болгон акция жөнүндөгү ишти тергеген топто болгон. Бул иш боюнча жалпысынан 20 жарандык активист соттолгон.
РБКнын белгилөөсү боюнча, Островидов тергөө комитетинде 2010-жылдан бери иштеп келген, негизинен оор кылмыштарды тергеген.