Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41

12-августта ЕАЭБдеги "жеңилдетилген мөөнөт" аяктайт


ЕАЭБ талабы боюнча, фермерлер сапатсыз азыгын жергиликтүү базарга сатууга да акысыз
ЕАЭБ талабы боюнча, фермерлер сапатсыз азыгын жергиликтүү базарга сатууга да акысыз

Буга байланыштуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттөн ишкерлерге ЕАЭБнин жаңы шарттарын түшүндүрүүнү талап кылды. Быйыл 12-августта күчүнө кирүүчү ЕАЭБнин 18 техникалык регламенти тууралуу кеңири маалымат берүү талабын өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 26-июлда өткөн жыйында койду. Премьер-министр бул регламенттерди аткаруу Кыргызстандын биримдиктин алдындагы милдети экенин эскертти.

Жыйында айтылган маалыматтар боюнча, өлкө ЕАЭБнин техникалык регламенттерине байланыштуу нормалар менен иштөөгө даяр. Биримдик алкагындагы мамлекеттерге товар экспорттоп жаткан ишкерлер ошол нормага ылайык иштеп жатышканын, жаңы регламенттердин киргени байкалбай деле калуусу ыктымалдыгын өкмөт мүчөлөрү бекемдешти. Ошондой эле товарларга быйыл 12-августка чейин берилген сапат сертификаттары эки жылга чейин жарактуу болмокчу.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы 33 лаборатория жана 11 сертификат берүүчү орган ЕАЭБнин бирдиктүү реестрине киргизилген. Өкмөт өлкөдөгү бардык лабораториялары жаңыланып жатканын белгилөөдө.

Ага ылайык, быйыл май айынан бери Оштогу сертификат, метрология жана сыноо борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораторияларга жалпы суммасы 2 млн долларлык жабдыктар алынат.

Ал эми кыргызстандык 28 ишкана экономикалык биримдик аймагына товар экспорттоо укугуна ээ болсо, дагы жети компания арыз тапшырган.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта толук кандуу мүчө болуп кирген. Андан берки эки жылдык аралык биримдикке адаптациялануу үчүн жеңилдетилген убакыт деп белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG