Анда журналисттерге ички жана тышкы миграциянын абалы, бул багыттарда аткарылган иштер жөнүндө айтылат. Жыл башынан бери кайрылмандар менен жүргүзүлгөн иш-аракеттер, Кыргызстандагы чет элдик жарандар менен иш алып баруу маселеси боюнча да маалыматтар берилет.
Такталбаган маалыматтар боюнча, ушул тапта 500 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда, 50 миңден ашууну Казакстанда миграцияда жүрөт. Акыркы убактарда Түркияда, Араб жана Европа өлкөлөрүндө, АКШда жашап-иштеген кыргызстандык мигранттардын саны көбөйгөн. (ZKo)