Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Өмүрбек Текебаев мамлекеттик жактоочудан баш тартты


Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланып жатат. Ишти адаттагыдай эле Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу териштирип жатат. Жараянда сот менен айыпталуучулардын ортосунда мамлекеттик жактоочу дайындоо боюнча пикир келишпестик чыкты. Сот жана мамлекеттик айыптоочулар сунуштаган кезметчи адвокаттан Текебаев баш тартты.

Текебаев жана Чотонов мамлекеттик жактоочу иштин материалдары менен тааныш эмес деген негизде өздөрүнүн укугун коргогон төртүнчү адвокат таап келүү өтүнүчүн келтирди.

Сот сунуштаган мамлекеттик жактоочу Элнура Чоноева токтом чыккандан кийин өз милдетин аткарууга тийиштигин, иштин материалдары менен түндө таанышып чыкканын, коргоого даремети жетерин айтты. Ошол эле учурда Текебаевдин өтүнүчүн колдой турганын белгиледи. Ал эми прокурорлор мамлекеттик жактоочу менен ишти улантууну өтүнүштү.

Териштирүү учурунда айыпталуучулар менен соттун ортосунда кайым айтышуу орун алып, судья Текебаев менен Чотоновду баш ийбегенине байланыштуу залдан чыгарды. Натыйжада жараян айыпталуучулардын катышуусуз өтпөйт деген жүйө менен Чотоновдун жактоочулары сотту жылдырууну суранышты. Мамлекеттик жактоочу дагы бул өтүнүчтү колдоду. Бирок прокурорлор айыпталуучулар сотко баш ийбегендиги үчүн чыгарылгандыгын эске алып жараянды уланта берүүгө чакырып жатышат. Азыр сот кеңешүүгө кетти.

Сотто Текебаевдин укугун үч адвокат (Чынара Жакупбекова, Канат Хасанов жана Искен Афиджанов) коргоп жатат. Жакупбекова өткөн аптадагы жараяндардын биринде өзүн жаман сезип ооруканада экени айтылган. Экинчи адвокат Канат Хасанов жүрөк оорусу кармап дарыланып жатканын кабарлады. Афиджанов да саламаттыгынан улам келе албай турганын билдирген. Кечээ "адвокаттар ооруп калды" деген жүйө менен актоочу тарап сотту жылдыруу өтүнүчүн келтирип, жараян бүгүнкүгө жылган. Териштирүүлөрдө күбөлөр суралып бүткөн. Жарыш сөз башталышы күтүлүп жаткан.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда Түркиядан кайтып келген учурда “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга эки айга камалган. Башкы прокуратура ага орусиялык жаран Алексей Модин аркылуу орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айтып убада кылган" деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында анын партиялашы, саясатчы Дүйшөнкул Чотонов да кармалган.

Депутат Текебаев, саясатчы Д.Чотонов жана алардын жактоочулары муну "атайын саясий буюртма боюнча уюштурулган сот иши" катары сыпаттап, өздөрүнүн актыгын айтып келишет. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG