Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Адвокат: ФСБ Азимовду кыйноолор боюнча арыздан баш тартууга мажбурлаган


Аброр Азимов
Аброр Азимов

Федералдык коопсуздук кызматкерлери терактка шектелген Аброр Азимовду “жашыруун түрмөдөгү” кыйноолор боюнча арыз жазуудан баш тартууга мажбурлашкан, өзүн жана туугандарын жазалайбыз деп коркутушкан. Бул тууралуу Азимовдун адвокаты Дмитрий Динзе билдирип чыкты.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы быйыл апрелде болгон терактты уюштурууга айыпталган Аброр Азимов Федералдык Коопсуздук кызматынын «жашыруун абагында» кыйноолорго кабылганын айткан.

Ага-ини Азимовдордун адвокаттары Орусия Башкы прокуратурасынан ФСБнын «жашыруун абагы» тууралуу маалыматты текшерүүнү суранышты. Көзөмөл орган 26-июлда Тергөө комитетине арыз жөнөттү.

Санкт-Петербургдун метросунда 3-апрелде болгон жардыруудан 15 киши мерт кетип, жарадарлардын саны элүүгө жеткен. Бир да террордук уюм калаба үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна алган эмес.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, терактты Кыргызстанда туулган, Орусиянын жараны, 22 жаштагы жанкечти Акбаржон Жалилов уюштурган. Ал эми аны уюштурууга Акбар жана Аброр Азимовдордун катыштыгы бар деп камакка алынышкан. Кыргызстанда туулуп, кийин Орусиянын жарандыгын алышкан ага-инилер аларга коюлган айыптарды четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG