Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Маркум Табылды Эгембердиевге айкел орнотулду


"Шоро" компаниясынын баш кеңсесине орнотулган Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели. 27-июль, 2017-жыл.
"Шоро" компаниясынын баш кеңсесине орнотулган Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели. 27-июль, 2017-жыл.

"Шоро" компаниясынын Бишкектеги баш кеңсесине маркум ишкер Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели орнотулду. Эстеликтин ачылыш аземине шаар бийлигинен өкүлдөр, ишкерлер жана жалпы эле Табылды Эгембердиевдин замандаштары катышты. Стеллада Табылды Эгембердиевдин ишкерлик жолу чагылдырылган.

Сүрөттүн башында чакан казанга кайнап жаткан жарма, анын базарга чыгышы жана чоң компанияга айланышы тартылган. Анын алдында ишкердин андан аркы келечекти көрсөткөн тулкусу орнотулган.

“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда, 64 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал 1990-жылы май айында "Кыргызстан" демократиялык кыймылы (КДК) саясий блогун негиздөөгө катышып, анын Башкармалыгынын мүчөсү болгон жана Кыргызстанды демократиялаштыруу жүрүмүнө салым кошкон.

Ал эми 1992-жылы ал иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөгөн.

Бүгүн “Шоро” компаниясы өзүнүн 25 жылдык маарекесин белгилеп жатат. (ZA)

XS
SM
MD
LG