Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Текебаевдин адвокаты интернетте тараган видеого жооп кайтарды


Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын бири Искен Афиджанов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу интернетте тараган видеого жооп кайтарды. Ал видеону интернетке атайын кызмат жайгаштырган деп эсептеп жатат.

Мындан тышкары эки күн мурун Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун катчылыгына 25-26-27-июлда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов боюнча жараянга катыша албай турганын, кант диабетинен жабыркагандыктан дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтөрүн кабарлаганын, бирок муну билбегендер түштөнүү учурунда дагы бир жактоочу Канат Хасанов менен жолукканын видеого тартып алганын айткан. Ооруканага жатпай эле дарыланып жатканын билдирген.

"Бул видео менен атайын кызматтар өлкө коопсуздугун камсыздоо боюнча өзүнүн түздөн түз милдеттерин аткаруу ордуна саясий аңдуулар менен алектенип жатканын дагы бир жолу ырастады. Атайын кызматтардын Текебаевдин адвокаттарына карата тымызын мындай аракетинин мыйзамдуулугу боюнча баш прокурордун пикирин, анын юридикалык негизин билгим келет", - деген оюн Афиджанов кошумчалаган.

Бүгүн интернетте соттук отурумга катышпай жаткан Искен Афиджанов Бишкектеги кафелердин биринде дагы бир адвокат Канат Хасанов менен жолугушканы тартылган видео тараган. Кыргызстандын УКМК маалымат өкүлү бул видеого УКМКнын эч тиешеси жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди.

Сотто Текебаевдин укугун үч адвокат - Чынара Жакупбекова, Канат Хасанов жана Искен Афиджанов коргоп жатат. Жакупбекова өткөн аптадагы жараяндардын биринде өзүн жаман сезип ооруканада экени айтылган. Экинчи адвокат Канат Хасанов жүрөк оорусу кармап дарыланып жатканын кабарлады. Афиджанов да саламаттыгынан улам келе албай турганын билдирген. Кечээ адвокаттар ооруп калды деген жүйө менен актоочу тарап сотту жылдыруу өтүнүчүн келтирип, жараян бүгүнкүгө жылган. Териштирүүлөрдө күбөлөр суралып бүткөн. Жарыш сөз башталышы күтүлүп жаткан.

Ушу тапта Текебаев-Чотонов соту айыпталуучулардын катышуусуз уланып жатат. Бүгүн түшкө чейинки жараян учурунда ишти караган судья Айбек Эрнис уулу Текебаевдин адвокаттары келбей калганына жана айыпталуучулардын сот залынан чыгарылганына байланыштуу териштирүүнү жылдыруу өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот айыпталуучуларсыз уланып, Чотоновдун адвокаты Марат Эшперов кылмыш иштин материалдарын иликтөөдө алешемдиктер бар деген негизде аны кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнүп, ал канааттандыруусуз калды. Эшперовдун сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу он төртүнчү өтүнүчү да четке кагылды.

Бүгүнкү жараянда сот менен айыпталуучулар ортосунда мамлекеттик жактоочу дайындоо боюнча пикир келишпестик чыккан. Сот жана мамлекеттик айыптоочулар сунуштаган кезметчи адвокаттан Текебаев баш тарткан. Өз адвокаттары ооруп калгандыктан төртүнчү адвокат таап келүүнү өтүнүп, мындан улам айыпталуучулар менен соттун ортосунда кайым айтышуу орун алган. Судья Текебаев менен Чотоновду баш ийбегенине байланыштуу залдан чыгарган. (NT)

XS
SM
MD
LG