Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Молдова Конституциялык соту президенттин жарлыгын четке какты


Игорь Додон
Игорь Додон

Молдова Конституциялык соту өлкө президенти Игорь Додондун референдум өткөрүү чечимин четке какты. Консоттун судьясы Тудор Пантиру 27-июлда окуган токтомдо референдумга коюлчу маселелер "президенттин ыйгарым укуктарынын алкагына сыйбайт" делет.

Президент Додон март айында чыгарган жарлыкка ылайык, 24-сентябрда президент парламентти таратып, мөөнөтсүз шайлоо жарыялоо мүмкүнчүлүгү эл добушуна коюлмак. Ошондой эле шайлоочулар депутаттардын санын 101ден 71ге кыскартуу сунушуна да жооп беришмек. Бул сунуштар президенттин бийлигин күчөтмөк.

Оппозициядагы Молдова либералдык партиясы жарлыкты сынга алып, Конституцияга туура келбесин айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG