Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Орусия: ФСБ куралдуу улутчулдарды кармаганын билдирди


Москвадагы улутчулдар маршы
Москвадагы улутчулдар маршы

Орусия Федералдык коопсуздук кызматы Москвада неонацисттер тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди. 25-26-июлда колго түшүрүлгөндөр мыйзамсыз курал алып жүргөн, мыйзамсыз курал устаканасын уюштурушкан деп шектелүүдө.

Алардан элүү чакты түрдүү тапанчалар, эки "Калашников" автоматтары жана граната, жарылма заттар, курал тетиктери жана ок-дарылар тартылып алынган.

ФСБ канча киши кармалганын ачыктаган жок. Өз топторун түрдүүчө атап алышкан ашынган улутчулар буга чейин славян түспөлүндө эместерге, анын ичинде борборазиялык мигранттарга кол салган учурлар болуп келген. Анын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылган же оор жаракат алган фактылар бар.

XS
SM
MD
LG