Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Кыргыз өкмөтү: Liglass Trading CZ тендер үчүн кепилдик төлөмдү берген


Кыргызстандын ӨЭЖМКсынын чехиялык компания тендердик кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү тууралуу документи.
Кыргызстандын ӨЭЖМКсынын чехиялык компания тендердик кепилдик төлөмдү төлөгөндүгү тууралуу документи.

Кыргызстандын Өнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети (ӨЭЖМК) өлкөдөгү Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде утуп алган чехиялык Liglass Trading CZ s.r.o. компаниясы тендерге катышуу үчүн кепилдик акыны тɵлɵбɵгɵн деген маалыматтарды четке какты. Аталган мекеме бүгүн тараткан билдирүүдө кээ бир маалымат каражаттарына жарыяланган кабарлар төгүн экени айтылып, "кырдаалды курчутуу жана долбоорду үзгүлтүккɵ учуратуу максатында туура эмес, жалган маалыматтарды атайылап таратуу аракети жүрүп жатканы белгиленген.

Кепилдик тɵлɵм тендерге катышуудагы милдеттүү шарт экени, аны тендердин бардык катышуучулары комитеттин депозиттик эсебине которушары билдирүүдө кошумчаланган.

Маалыматка караганда, Liglass Trading CZ компаниясы кепилдик акыны тɵлɵгɵн, аны тастыктаган документ, республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынын эсебинен алынган кɵчүрмɵ бар. Каржы министрлиги берген бул документ кепилдик акынын тɵлɵнгɵнүн ырастайт. Чехиялык компания 1 миллион 147 миң 719 доллар ɵлчɵмүндɵгү кепилдик акыны жана тендерге катышуу үчүн талап кылынган 2 миллион сомду да (10 кичи ГЭСтин ар бири үчүн 200 миң сомдон) тɵлɵгɵн.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу тендерде утуп алган. Курулуш тууралуу келишимдерге быйыл 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен аталган компания өкүлдөрү кол койгон. Мындан кийин чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты "Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат" деген макала жарыялап, бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жараткан.

​Өткөн аптада аталган компания ээси Михаэл Смелик "Азаттыкка" берген маегинде чех прессасындагы терс маалыматтарды четке кагып, өзү жетектеген ишкана белгисиз эместигин, калыбына келип туруучу табигый булактар тармагында иштөөдө 12 жылдык тажрыйбасы бар экенин маалымдаган. Бирок бул жумада да чехиялык Lidove Noviny гезити Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстанга 1,2 миллион доллар кепилдик төлөм бербегенин жазып чыккан.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров чех басылмаларындагы Liglass Trading CZ компаниясы жаатындагы терс маалыматтарды Кыргыз бийликтери кылдат иликтеп жаткандыгын билдиргенин "Прага" радиосунун (Radio Praha) орус кызматы да жазып чыкты.

2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык, Орусиянын "Русгидро" компаниясы аталган эки энергетикалык объектти курмак. Бирок бул жаатта иш үзгүлтүккө учурагандыктан, 2015-жылы Кыргызстандын демилгеси менен макулдашуу денонсацияланган. Буга байланыштуу Кыргызстан Орусияга 37 миллион доллар бересе болуп калган. (NT)

XS
SM
MD
LG