Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

29-июлдун аба ырайы


Сары-Челек көлүндөгү жай. Аксы району. Кыргызстан.
Сары-Челек көлүндөгү жай. Аксы району. Кыргызстан.

Кыргызстанда 29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Суусамырда түнкүсүн 2…7, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

Баткенде түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус жогорулайт. 

Бишкек шаарында 29-июлда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус ысык болот.     

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун жылуулугу 27-июлда күндүз 23,2, 28-июлда эртең менен 22,0 градусту түздү. 

 

XS
SM
MD
LG